24.kg
10:54, 14 января 2020, 24.kg

Депутаттар биздин элчинин Тажикстанда эмне менен алектенип жатканына кызыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун эмне менен алек болуп жатканына кызыгышты. Бул тууралуу коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча комитеттин отурумунда Абдыбахап Нурбаев ТИМдин өкүлдөрүнөн сурады.

«Жаныш Рустенбеков өзүнүн функционалдуу милдеттерине ылайык иш алып барууда. Дипломатиялык миссия саясий орган болгондуктан, анын иши бул багытта жүрүүдө», — деди ТИМдин аткаминери.

Комитет кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалыматты ЖМК өкүлдөрү жок жабык эшик артында талкуулоону чечти. Депутаттар алдында чек ара кызматынын жана ТИМдин өкүлдөрү отчет берүүдө.

Комитеттин отурумуна чакырылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенде жүрөт. Ал бүгүн Тажикстан өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18