24.kg
16:44, 13 января 2020, 24.kg

Дарыгерди сөз менен коркуткан аялдын үстүнөн арыз жазылды

Бишкектеги № 3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери аны сөз менен коркуткан аялдын үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.

«Дарыгер аймактык милицияга арыз жазды. Учурда баланын апасы жана анын жолдошу башкы дарыгердин кабылдамасында отурат. Иликтеп жатышат», — деди Бактыгүл Исмаилова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18