24.kg
16:26, 13 января 2020, 24.kg

Президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Ага ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргызстандын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Жарлыкка ылайык, Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы, Наргиза Мансурова президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ошондой эле, Назгүл Ташпаева президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кудайберген Базарбаев президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18