24.kg
15:33, 13 января 2020, 24.kg

Ош шаарынын экс-мэринин тууганын сабап кетишти. УКТ мүчөсү шектелип жатат

Ошто белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургун Улан Райымбековго кол салышты. Айрым маалыматтарга ылайык, ал түштүк борбордун мурунку мэри Айтмамат Кадырбаевдин тууганы.

Ош ШИИББдан 24.kg агенттигине окуянын чоо-жайын айтып беришти. Милициянын маалыматына караганда, жабырлануучу облустук клиникалык оорканасында оор абалда жатат.

«Жабырлануучу ар кандай жаракаттарды алган. Ал милицияга арыз жазуудан баш тартты, бирок факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп билдиришти ШИИББдан.

Окуя 11-январда түн ичинде болгон. Улан Райымбековго «Народный» дүкөнүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайдан кол салышкан. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучуну жерге жаткырып алышып, ур-тепкиге алышкан.

«Кол салгандардын саны көп. Күбөлөр 20 чакты киши болгонун айтышууда. Милиция алардын өздүгүн тактап жатат. Алты киши кармалды. Алдын ала маалыматка таянсак, кол салууну уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аты менен таанылган бир мүчөсү уюштурган», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18