24.kg
14:29, 13 января 2020, 24.kg

Искендер Матраимов декларациясында жубайынын бизнесин көрсөткөн эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жубайынын бизнеси бар, бирок депутаттын 2018-жылы берген декларациясында ал тууралуу маалымат жок. Бул тууралуу Factcheck.kg сайты жазды.

Маалыматка караганда, Минавар Жумаева -бир канча компаниянын кош негиздөөчүсү. Буга ачык булактар күбө. Аларды депутаттын декларациясы менен салыштырганда, компаниялар тууралуу сөз болбогону көрүнүп турат.

2015-жылы Искендер Матраимов мүлкү жана кирешелери тууралуу отчетун тапшырган. Анын иштеп тапкан кирешеси 367,3 миң сомду түзгөн. Анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жоктугуна байланыштуу жазылган эмес.

2016-жылы депутат үчүн бир аз жакшы жыл болгон. Декларациясына ылайык, ал 843,5 миң сом иштеп тапкан. Бирок анын мүлкү жок болгондуктан, дагы көрсөтүлгөн эмес.

2017-жылы Искендер Матраимовдун жылдык кирешеси 747 миң сомду түзгөн. Ал 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасын, 290 миң сомдук эмерегин, 140 миң сомдук фото, аудио жана компьютердик техникаларын көрсөткөн.

2018-жылы Искендер Матраимовдун кирешеши дээрлик 901,4 миң сомго жеткен. Бул жылы депутаттын декларациясына 82,4 чарчы метрлик турак үйү, 214 чарчы метр айыл чарбасына мүнөздүү жер аянты кошулган. 

2018-жылы гана Искендер Матраимов алгачкы жолу жубайынын бизнеси, «АвтоСТОлица» ЖЧК тууралуу отчетко жазган. 

Photo 151184

Ачык маалымат базаларына ылайык, кыргызстандын Минавар Жумаева аттуу жаранынын атында республиканын аймагында катталган минимум 3 фирма бар. 2018-жылдан башка жылдары депутат бир дагы фирманы декларацияда көрсөткөн эмес. 

Минавар Жумаеванын «АвтоСТОлица» ЖЧКдан башка «Ош-Плаза» ЖЧКсы бар. Ал 2017-жылы каттоого алынып, кеңири түрдөгү товарларды дүңүнөн сатуу боюнча агенттердин ишмердүүлүгү менен алектенет. Бул фирманын жалгыз негиздөөчүсү — Жумаева. Компания түштүк борбордо турак жай комплексин куруу менен алектенет.

«Пальма и К» ЖЧКнын кош негиздөөчүсү — Минавар Жумаева.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18