24.kg
11:21, 13 января 2020, 24.kg

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Ошко көчүрүүнү суранышты

Баткен облусуна караштуу Көк-Таш айылынын тургундары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүмчөлөрүн Ошкон көчүрүүнү суранышты. Бул тууралуу алар маалымат жыйында билдиришти. 

Айылдыктардын айтымында, ар бир чек ара жаңжалында алардын үй-бүлөсү үйүн, малын, мүлкүн таштап качууга мажбур.

«Биз Баткен жана Лейлектин жашоочулары тынчтыкта коркпой жашагыбыз келет. Биз дагы качанкыга чейин коркуп жашашыбыз керек? Канча жолу качышыбыз керек? Өлкө жетекчилигинен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бизге жакын көчүрүү тууралуу маселени карап берүүсүн суранабыз», — деди Жоробай Байзаков.

Маалымат жыйындын башка катышуучуларынын айтымдарында, чек арага жакын жайгашкан райондун тургундары жерлерин алмаштырууга да даяр. «Биздин облустун аймагындагы жер аянттары абдан татаал экенин түшүнөбүз. Үйлөр абдан жакын жайгашкан. Делимитация жана демаркациялоо кыйынга турат, мындан улам жерлерин алмаштырууга да даяр», — дешет Көк-Таш айылынын тургундары.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18