24.kg
10:36, 13 января 2020, 24.kg

Журналисттин сабалышы. Депутат ИИМ жетекчилигин сынга алды

Депутат Жанар Акаев ИИМдин жетекчилигин Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун сабалышы боюнча иликтөө ишиндеги шалаакылыгы үчүн сынга алды. Бул тууралуу ал видеого жазып, «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

«Бул кыжырды келтирет. Кыргызстанда жемкорлук жана адилетсиздик маселелерин чагылдырган журналисттердин бирине дагы мындай мамиле жасалбашы керек. Сөз эркиндиги — биз сыймыктана турган жалгыз гана нерсебиз, биз аны сактап калышыбыз керек», — деди депутат.

Биз укук коргоо органдарынан тез арада журналистке кол салгандарды жана аларга буйрук берген кишини табууну талап кылабыз.

Жанар Акаев

Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен.

Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18