24.kg
09:35, 13 января 2020, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Дахмадан чыгарылган тургундар өз үйлөрүнө кайтып келишти

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам Дахмадан чыгарылган тургундар өз үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эске салсак, Дахмадан 254 киши чыгарылган, алардын көпчүлүгү балдар.

Маалыматка караганда, Кызыл жарым айдын кырсыктарга жооп кылуучу командасы Баткен облусунун тургундарына жардам берген. Алар көчүрүлгөн тургундарга тамак-аш азыктарын, ысык нан, балдарга жеке тазалык буюмдарын алып барып беришкен. Ошондой эле аялдар менен балдарга психологиялык колдоо көрсөтүшкөн.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.
 
 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18