24.kg
09:09, 13 января 2020, 24.kg

Солтон-Сарыда кен компаниясынын 18 кызматкери иштен четтетилди

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө Солтон-Сары кенин иштеткен компаниянын 18 кызматкери иштен четтетилди. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова билдирди.

«Учурда УКМК тиешелүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. «Кыргызалтын» ишканасынын коопсуздук кызматы ички иликтөө ишин баштаган. Азырынча жооптуу 18 кызматкер убактылуу иштен четтетилди. Ал эми Солтон-Сары алтын кени ишин токтоткон жок», — деп билдирди ал.

Өткөн жылдын 27-декабрында Нарын районунун Оттук айылында «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Нарындагы Солтон-Сары кениндеги алтын өндүрүүчү фабрикасынан курамында алтын бар кошулма уурдаган топ кармалган.

Маалыматка ылайык, фабрикада иштеген айрым адамдар кошулманы чыгарып, Нарын жана Чүй облусунун аймагында сатып жүрүшкөн.

Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамкекеттик ишканасынын өндүрүштүк филиалдарынын бири. Кенде 150 киши иштейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18