24.kg
17:18, 10 января 2020, 24.kg

Садыр Жапаров 2026-жылдын 5-октябрында эркиндикке чыгат

ЖАМКтан мурунку депутат Садыр Жапаровдун качан эркиндикке чыга турганын айтышты. Мурунку эл өкүлү шарттуу-мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыга турганынан үмтөтпөй койсо деле болот. 

ЖАМКтын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров 2026-жылдын 5-октябрында эркиндикке чыгат.

Экс-депутаттын жатак абагына которулбай турагандыгын буга чейин аталган мекеме билдирген. Маалыматка караганда, уюшкан топтун же уюшкан кылмыштуу топтун курамындагы кылмыш үчүн соттолгондор мыйзам боюнча жатак абакка которулбайт. Ошондой эле аларга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт. 

Мурунку депутат Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу үчүн 500 миң кол топтолгонун 24.kg агенттигине жарандык активист Мелис Аспеков билдирген. Анын айтымында, мурунку депутаттын тарапташтары миллион кол чогултуп, андан кийин президент Сооронбай Жээнбековго берүүнү пландап жатышат.

Мындан сырткары Садыр Жапаровдун жактоочулары ырайым берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберүү үчүн документтерди топтошууда.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18