24.kg
16:04, 10 января 2020, 24.kg

Бишкекте Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Photo 150967

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков бүгүн аталган эс алуу жайын курууга капсула салуу аземине катышты. Эске салсак, бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.

Мындан тышкары, Азербайжан тарап Бишкек шаарынын «Көк-Жар» конушунда орто мектеп куруу ниетинде.

Мамлекет башчысы бул иш-чаралар буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи. 

«Кыргызстан Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн достук мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал президент Ильхам Алиев баш болгон азербайжан тарабын парктын курулушуна көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, бул эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп каларына ишенерин айтты.

Парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 гектар аянтка жайгашат. Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары орнотулат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18