24.kg
15:08, 10 января 2020, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Кызыл жарым ай коому баткендиктерге жардам берүүдө

Дахмадан 230 киши чыгарылды, алардын көпчүлүгү балдар. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл жарым айдын кырсыктарга жооп кылуучу командасы Баткен облусунун тургундарына жардам берүүдө. 

«Биз көчүрүлгөн тургундарга тамак-аш азыктарын, ысык нан, балдарга жеке тазалык буюмдарын алып барып бердик. Аялдар менен балдарга психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө. Жергиликтүү мектепке 130 бала жана 100 чоң киши жайгаштырылды», — деди уюмдан.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айтты.
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18