24.kg
14:28, 10 января 2020, 24.kg

Депутаттын бир тууганы пара талап кылган. Окуянын чоо-жайы

Бахтияр Төлөнов ишкер айымдан лицензия берүү үчүн акча талап кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Ишкер айым кыргызстандыктарды чет жерде ишке орноштуруучу компанияны жетекчиси. Буга чейин анын ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү лицензиясын алып салышкан. Ал Миграция кызматына кайрылып, аны жаңыртып берүүнү суранган. Чечимди Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-кеңешме борборунун директору Бахтияр Төлөнов кабыл алышы керек болчу. Бул үчүн ал 800 миң доллар акча талап кылганы менен лицензияны берүүгө ашыккан эмес.

Жыйынтыгында ишкер айым Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына арыз менен кайрылган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Эске салсак, Бактияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18