24.kg
11:37, 10 января 2020, 24.kg

Атамбаевдин жансакчысы 11 өзгөчө оор кылмышка айыпталууда

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевге 11 оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме тапшырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, алгач Канат Сагымбаев «Бийликти күч колдонуп басып алууну уюштуруу», «Массалык башаламандыкты уюштуруу, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу», «Барымтага алууну уюштуруу», «Адам өлүмүнө кол кабыш кылуу» беренелери боюнча фигурант катары өтүп жаткан. Кийинчерээк аны адам өмүрүнө кол салууга кол кабыш кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу, тергөөчүнүн ишмердүүлүгүнө каршылык кылууну уюштуруу беренелери боюнча айыпташкан.

Канат Сагымбаев өзү бул айыптоолорду маанисиз деп эсептейт.

«Мен тергөөгө эч кандай каршылык көрсөткөн жокмун. Алмазбек Атамбаевдин үйүнө беткап кийген белгисиз бирөөлөр келгенде, алар өздөрүн тааныштырган эмес. Мен алардын тергөөчү экенин кайдан билмек элем. Анткени алардын баары беткапчан жана куралчан болчу. Мунун баары пландалган деп эсептейм», — деди Канат Сагымбаев.

Белгилей кетсек, ал № 1 тергөө абагында 9-февралга чейин болот. 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады.

Алдын ала маалыматка ылайык, иш боюнча 12 киши айыпталуучу макамына ээ. Иш менен таанышып бүткөн соң Башкы прокуратурага жолдонуп, андан ары сотко өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18