24.kg
11:18, 10 января 2020, 24.kg

Чек ара жаңжалы. ИИМ башчысынын орун басары Баткенге келди

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусуна келди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Учурда аймакта күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ок атышуу токтоп, акыбал тынч. Бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 
Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.
 
Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Көк-Таш айылынын Кара участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылына караштуу Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Ш. га таандык болгон «Фольсваген Гольф-4» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалап салышкан.
 
Андан сырткары саат 02:40 чамасында Көк-Таш айылынын Дахма участкасында Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок. Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарынын коопсуздугу эске алынып ошол эле айылда жайгашкан Шайдулла Ганы атындагы орто мектебинин имаратына убактылуу көчүрүлдү.
Photo 150901

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18