24.kg
09:18, 10 января 2020, 24.kg

Канада премьер-министри: Украиналык учак иран ракетасы тарабынан атып түшүрүлгөн

8-январда Тегеранда кулаган украиналык авиалайнер «жер-аба» классындагы иран ракетасы менен атып түшүрүлгөнү тууралуу көз карандысыз булактардан алынган маалымат бар. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдирди. 

Трюдо авиалайнер кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал экенин айтты.

Эске салсак, украиналык Boeing учагы жерге кулап, андагы жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Расмий маалыматка ылайык, учактын кыймылдаткычы күйүп кеткен.

Трюдо бул окуяны өтө кылдат иликтөө зарыл экенин кошумчалады.

Буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандысыз булактарга таянуу менен учак иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Өз кезегинде Иран жарандык авиациясы бул маалыматты «абсурд» деп атаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18