24.kg
09:11, 10 января 2020, 24.kg

Баткен милициясы чек арадагы элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди

Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган тургундар кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды.

Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк жана Көк-Таш айылынын Көчө-Карын аймагында кыргыз жаранынын машинеси талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Учурда Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык.

 

Чек арадагы чырга байланыштуу Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады. Ок тажик тараптан гана атылып, маал-маалы менен кайталанууда.

Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18