24.kg
17:11, 09 января 2020, 24.kg

Сокулукта тоноочулукка шектелген жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда тоноочулукка шектүү делип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-январында Сокулук РИИБге Бишкектин 23 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал «Чика» аттуу чала тааныш бала анын телефонун күч колдонуп тартып алганын айткан.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 25 жаштагы Т.Ч. аттуу жаран кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18