24.kg
11:38, 09 января 2020, 24.kg

Тургундар № 5 автобустук маршруттун каттамын токтоткондорго наааразы

Бишкек мэриясынын шаардык унаа башкармалыгы 2019-жылдын 25-декабрында № 5 автобустук маршруттун каттамын белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Бул тууралуу «Көлмө» калктуу конушунун активисттери билдиришти.

Алардын айтымында, автобустук каттамдын жабылышында- шаардык унаа башкармалыгынын баш калаанын жүргүнчүлөрдү ташуу тармагын өнүктүрүүгө каршылык көрсөткөн кызыкчылыгы бар.

Тургундар башкармалыктын позициясы мэр Азиз Суракматовдун Бишкекте автобустук автопарктардын санын көбөйтүү керек деген саясатына каршы келет дешүүдө.

Эске салсак, 2016-жылдын 16-декабрында шаардык унаа башкармалыгы менен «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишмердүүлүктү ишке ашыруу тууралуу мемарандумга кол коюшкан. 2018-жылдын 6-декабрында муниципалдык маршрутту 5 жылга пайдалануу тууралуу келишимге кол коюлган. Бирок, былтыр 23-июлда линиянын ачылыш күнүндө башкармалык келишимди мөөнөтүнөн эрте токтотуу тууралуу билдирүү жасап, себебин ачыктаган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18