24.kg
10:27, 09 января 2020, 24.kg

Кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Маалыматка караганда, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 10-январда күндүз жана 11-январда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал.

12-январда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.

13-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. 13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал.

14-15-январда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. 14-январда көпчүлүк аймактарда, 15-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18