24.kg
10:19, 09 января 2020, 24.kg

Бишкекте маршруттук унаа кырсыктап, 3 киши жабыркады

Бишкекте № 243 маршруттук унаа кырсыктап, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:15 чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен түштүктү карай бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмону, андан ары даракты сүзүп токтогон.

«Рулду 37 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 3 киши жаракат алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18