24.kg
09:36, 09 января 2020, 24.kg

Альтернативдик олимпиаданын экинчи туру 18-январдан башталат

Мектеп окуучуларынын математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдик олимпиадасынын экинчи этабы (тандоо туру) 18-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Олимпиада химия, информатика предметтери боюнча — 18-19-январь, математика, физика — 25-26-январь жана биология предмети боюнча 1-2-февралда өтөт.

«Ар бир предмет боюнча экинчи тандоо туру онлайн режиминде эки күн өтөт. Мында олимпиаданын биринчи турунан эң жогорку балл алган окуучулар катышат. Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар, экинчи күнү сынактан өтсө болот. Анда татаалдыгы бирдей, бирок башка тест берилет», — деп айтылат маалыматта.

Ар бир предмет боюнча эң жогору балл алган 100дөн ашпаган окуучу үчүнчү турга жолдомо алат. Жыйынтыктоочу үчүнчү этап февраль айында оффлайн режиминде өтөт.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары үчүн альтернативдик олимпиаданын биринчи туруна 2миң 918 окуучу катышып, экинчи этапка 1 миң 606 окуучу өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18