24.kg
16:26, 08 января 2020, 24.kg

Аламүдүн районунда адам өлүмүнө шектүү айдоочу кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда кишини өлтүрө сүзүп кеткен шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ОИИББдан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, 5-январда болжол менен саат 5те Кара-Жыгач айылынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишкен. Айдоочу изин жашырып качкан. Кесепетинен 27 жаштагы эркек киши каза болду.

Айдоочунун өздүгү такталды, ал аталган айылдын 27 жаштагы С.Р. аттуу тургуну болуп чыкты. Кырсык маалында шектүүнүн мас абалда болгону аныкталды. «Айдоочу кармалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18