24.kg
14:36, 08 января 2020, 24.kg

Казакстанда Назарбаевди кол тийбестик макамдан ажыратууга чакырышууда

7-январда Казакстандын Орол шаарында активист Бекболат Утебаев акция өткөрдү. Ал колуна «Социалдык адилеттүүлүктү талап кылам» деген жазууну карап, Назарбаевдин үй-бүлөсүн кол тийбестик макамынан ажыратууга чакырды.

«Нурсултан Назарбаев өзү жарыялаган 2020 программасын аткарган жок. Эми мен Назарбаевдин үй-бүлөсүнөн кол тийбестик макамын алып, социалдык кастыкты козуткандыгы үчүн аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылам. Назарбаев бийликке келгенде өлкөдө совхоздор, колхоздор иштеп турган, бекер медицина, билим берүү бар болчу, ал мунун баарын кыйратты. Кыскасы, ал бизди 30 жыл алдап келди. Мен ар бир жаранды бул акцияны колдоп, автоунаасына ак тасма байлап коюуга чакырам», — деди Бекболат Утебаев.

Акция маалында Орол акимчилигинин кызматкери чыгып, активистке уруксатсыз акция өткөрүү үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.

Бекболат Утебаев өткөн айда дагы «Социалдык адилеттүүлүктү талап кылам» деген жазуу менен жалгыз акция өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18