24.kg
12:10, 08 января 2020, 24.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял колго түштү

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял колго түштү. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын Т.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, Х.С. аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Айтымында, Х.С. 2019-жылдын декабрында батирдин акчасын алып качып кеткен.

«Шектүү өзүн батирдин ээсимин деп тааныштырып, кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө менен сатууга аракет кылган. Ал 5 миң долларды алып качып кеткен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуяга шектүү делип 36 жаштагы Х.С. кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18