24.kg
10:31, 08 января 2020, 24.kg

Иран АКШнын Ирактагы аскердик базасына сокку урду

Иран АКШнын Ирактагы аскердик базасына сокку уруп, бир учакты жок кылды. Бул тууралуу эл аралык ЖМК жазып чыкты.

Ирандан чыгарылган ракеталар боюнча ар кандай маалыматтар жарыяланууда. АКШнын аскер базасы тарапка ондон ашык ракета багытталганы белгиленет.

Иран генерал Касем Сулайманинин өлүмү үчүн өч аларын жашырган эмес. Ал Американын Иран менен согушуна колдоо көрсөткөн өлкөлөргө каршы сокку урарын эскертти. Айрым маалымат булактары, Израиль менен БАЭ дагы ракеталык чабуулга алынышы мүмкүндүгүн белгилешет.

Буга чейин АКШнын Багдаддагы элчилигине сокку урулган.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18