24.kg
10:42, 08 января 2020, 24.kg

Иранда Boeing 737 учагы кырсыкка учурады. Ичинде 180 жүргүнчү бара жаткан

Ирандагы Boeing 737 учагынын кырсыкка учураган видеосу интернетте жарыяланды. Аны Telegram-канал Mash жарыялаганын Tengrinews.kz сайты жазды. 

Тегерандын аба майданынын коом менен байланыш бөлүмүнүн башкы директору учактын кырсыктаганын тастыктады. Ал учак Имам Хомейни аба майданынан Киевге учуп бара жатканын айтты.

Photo 150640

РИА Новостинин маалыматына ылайык, учак учуп кеткенден 2 мүнөттөн кийин сигнал бербей калган. Алдын ала билдирүүгө караганда, техникалык себептерден улам кырсык болду. Учактын ичинде 180 жүргүнчү болгону айтылууда. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18