24.kg
09:37, 08 января 2020, 24.kg

Январда «Ак-Жол—автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулушу башталат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, 2020-жылдын январь айынын аягында «Ак-Жол—автожол» заманбап көзөмөл-өткөрүү жайынын курулуш иштери башталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ак-Жол — автожол» көзөмөл-өткөрүү жайын модернизациялоо жана реконструкциялоо маселеси боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек. Автотранспорт үчүн чек ара жабык болорун жана унаалардын агымы башка жакынкы көзөмөл-өткөрүү жайларына багыт аларын эске алып, чек ара кызматынын кызматкерлеринин санын көбөйтүү керек. Бул иштер бардык жарандарга шарттарды түзүү үчүн жасалууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жасалган иштер бардык курулуш ченемдерине жооп бериш керектигин белгиледи.

«План боюнча өткөрүү жайы заманбап болуш керек. Мында кеңейтилген административдик блок гана эмес, спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай болуп, дол бети кеңейтилет. Ошентип, көзөмөл-өткөрмө жайында кызмат өтөөгө бардык шарттар түзүлөт», — деди премьер-министр жана курулуштун жүрүшүн жеке өзү көзөмөлдөй турганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18