24.kg
09:15, 08 января 2020, 24.kg

Өзбекстанда үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет кылган аял кармалды

Ташкент облусунун Ахангаран шаарында үч айлык баласын 400 долларга сатууга аракет жасаган аял кармалды. Окуя 3-январда болгон. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы билдирди.

Ымыркай Ахангаран шаардык балдар ооруканасына өткөрүлүп берилди.

Тергөө учурунда кармалган аял Ахангаран районунун тургуну экени жана ишсиз жүргөнү аныкталган. Ага карата «18 жашка жете элек кишини соодалоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене боюнча 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18