24.kg
15:10, 31 декабря 2019, 24.kg

Жаңы жыл. 8 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү жаңы багыт боюнча ташыйт

Бүгүн жаңы жылга карата 8 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү жаңы багыт боюнча ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, кечки саат 22:00дөн баштап № 2 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Аламедин-1 кичи районуна, № 4 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Булгаары заводуна (Кожзавод), № 7 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Тунгуч кичи районуна, № 8 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — «Ак-Өргө» конушуна, 10 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Асанбай кичи районуна, № 14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Жал кичи районуна, № 14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Киркомстром кичирайонуна, № 17 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан — Асанбай кичи районуна каттайт.

Ошондой эле 8 автобус жана 700гө жакын маршрутка иштейт.

Ал эми 1-январдан тарта 74 троллейбус эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18