24.kg
13:32, 31 декабря 2019, 24.kg

Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин 2 айга узартты

Түркияда киши колдуу болуп каза болгон кытайлык жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин 2 айга узартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине комиссиядан билдиришти.

Маалыматка караганда, комиссия мүчөлөрүнүн ИИМ жана УКМКга жиберген өтүнмөлөрүнө дагы кошумча жооптор келип түшүүдө. Бирок бул маалыматтар ЖМКга жеткиликтүү болобу же жокпу, депутаттар чечим кабыл алыша элек.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18