24.kg
09:04, 31 декабря 2019, 24.kg

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Анда Жогорку сотко 1 талапкер, Баткен облусунун 5 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер, Ысык-Көл облусунун 4 жергиликтүү сотторуна 5 талапкер жана Нарын облусунун 6 жергиликтүү сотторуна 6 талапкер (бардыгы 18 талапкер) каралган.

Эске салсак, 27-декабрда мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешти. Маектешүүнүн, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 17 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

«Жогорку соттун судьясынын кызмат ордуна сунуш кылынган 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, мамлекет башчысы бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди», — деп айтылат маалыматта.

рет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18