24.kg
16:35, 30 декабря 2019, 24.kg

Футбол борбору Сокулук районунда курулат

Футбол борбору Чүй облусунда курулмай болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти. 

«Футбол федерациясы менен Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Футбол борборун куруу үчүн жерди бөлүп берүү келишимине келди. Бөлүнгөн жер шаардын түштүк-батыш аймагында, «Арча-Бешик» жаңы конушунан кийин жайгашкан Абсамат Масалиев көчөсүндө орун алган», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Футбол федерациясы мэриядан спорт комплексин куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү суранууда. Федерация курулуш иштерине — 8-10 миллион долларга жакын каражат тарта турганын билдирген.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18