24.kg
15:21, 30 декабря 2019, 24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 400 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (29.12.19-ж.) 400 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 325и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 62си ооруканага жаткырылды, алардын 59у жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 23 адам кайрылса, 6оо ооруканага жаткырылып, 17 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 270 адам кайрылган, алардын 44ү ооруканага жаткырылып, 226 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18