24.kg
15:15, 30 декабря 2019, 24.kg

Алмаз Имангазиев: Алтымыш миңдей кыргызстандык «кара тизмеде» турат

Алтымыш миңдей кыргызстандык Орусиянын Федералдык миграция кызматынын «кара тизмесинде» турат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, эки жыл мурда бул көрсөткүч 100 миңди түзгөн.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат.

Белгилей кетсек, Орусия «кара тизмеден» чыгууга кыргызстандыктарга шарт түзүп, мунапыс жарыялап келет.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18