24.kg
10:46, 30 декабря 2019, 24.kg

Мурунку мэрлердин иши. Жактоочулар соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн алыша элек

Бишкектин экс-мэрлеринин иши боюнча соттолгондордун жактоочулары соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн дагы деле алыша элек. Мындан улам алар кайра даттанышабы же жокпу белгисиз. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаардык сотуна арыз берүү тууралуу айтуу эртерээк, маселе бир айдын ичинде чечилип калат. Прокуратура дагы даттанабы же жокпу белгисиз.

Эске салсак, Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, залдан бошотулду.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранган. Ал эми 4 эпизод боюнча айыпталып жаткан Албек Ибраимовду 20 жылга кесүү сунушталган.

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18