24.kg
09:31, 30 декабря 2019, 24.kg

Кыргызстанда доллардын наркы бир жума ичинде 15 тыйынга арзандады

Кыргызстанда доллардын наркы бир жума ичинде 15 тыйынга арзандап, акыркы 3 айда биринчи жолу 69,7 сомду түздү.

Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар америка валютасын 69,5-69,6 сомдон сатып алып, 69,7 сомдон сатышууда.

Номиналдык курс −69,697 сом.

Белгилей кетсек, ушундай эле абал сентябрдын аягында байкалган. Анда доллардын наркы 69,6 сомго түшүп, октябрдын алгачкы жумасында кайра 69,9 сомго чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18