24.kg
09:06, 30 декабря 2019, 24.kg

Муфтият дин өкүлдөрүн жаңы жыл майрамына каршы чыкпоого чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы жыл майрамына байланыштуу фатвасы чыкты. Анда «Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген жана бекитилген расмий майрамдарга карата дин кызматкерлери тарабынан тескери үгүт иштери жүргүзүлбөсүн» деп айтылат.

Буйрукту аткаруу милдети Муфтияттын түзүмдөрүндөгү бардык диний кызматкерлерге жүктөлдү.

Дүйнө эли жыл сайын 1-январда белгилеген календардык жаңы жыл майрамы Борбор Азия мамлекеттеринин баарында советтик жана светтик майрам катары калыптанып калган.

Кыргызстандагы айрым дин өкүлдөрү маал-маалы менен жаңы жыл майрамына каршы чыгып, сындап келет. Бул социалдык тармактарда кызыл чеке талаш жараткан учурлар болгон.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18