24.kg
17:40, 27 декабря 2019, 24.kg

Жыл жыйынтыгы. 74 студентке президенттик стипендия тапшырылды

Өлкөнүн 31 жогорку окуу жайында билим алган алдыңкы 74 студентине президенттик стипендия тапшырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызыматынан билдиришти.

Бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда мыкты студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземи өттү.

Photo 149987

Өлкө башчысы катышып жаткандар 160 миңден ашык студенттердин арасынан билими, аракети менен суурулуп чыгып, сыноодо татыктуу жеңишке жеткендерин белгилеп, аларды президенттик стипендия алышы менен куттуктады.

«Келечекте Кыргызстанды өнүктүргөн, өлкөнүн атын чыгарган, элдин сыймыгы болгон, кийинки муунга үлгү болгон адам болгула», — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков азыр мамлекеттин дүйнөлүк картадагы ордун аныктоодо өлкөнүн интеллектуалдык ресурсу, калкынын ден соолугунун мыктылыгы, башкача айтканда, адам капиталынын сапаты биринчи орунга чыккандыгын баса белгиледи. Ал президенттик стипендиянын лауреаттарына өзгөчө үмүт артыларын белгилеп, аларга бекем ден соолук, бакыт жана бакубатуулук каалап, ошондой эле келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18