24.kg
16:32, 27 декабря 2019, 24.kg

Бишкекте феминаленин куратору Айгүл Карабалинага кол салуу болду

Бишкекте феминаленин куратору Айгүл Карабалинага кол салуу болду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, үйүнүн жанынан 2 эркек киши кол салышкан.

«Баш мээ чайкалганы менен көздүн көгөргөнү кетет, бирок алар мени коркутушту. Мен коркуп жатам, баламды коркунучка кептебей, тезирээк кетип калгым келип жатат», — деп жазат Айгүл Карабалина.

Бишкек ШИИББдан билдиришкендей, факт боюнча текшерүү башталды. Бирок жабырлануучудан милицияга арыз түшө элек.

Белгилей кетсек, Бишкекте 27-ноябрда башталган алгачкы феминале Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналып, аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын алкагында өткөрүлдү. Анда аялдардын укугун коргоо иретинде энеден туума жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынганЖыйынтыгында музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18