Милициянын айлыгы, транспортко бажы төлөмдөр көбөйөт. 2020-жылы эмне өзгөрөт?
Жыл жаңырышы менен кыргызстандыктарды бир топ өзгөрүүлөр күтөт. 24.kg агентиги алардын ичинен жалпы өлкөгө тиешелүү боло турган жаңы жоболорду тизмектеди.
2019-жылы Кыргызстандын ЕАЭБтеги айрым жеңилдиктери токтойт. Анын бири экономикалык биримдиктин аймагына транспорт ташып келүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн арзан баасы.
Жаңы жылдан тарта транспортко бажы төлөмдөр 10 эсеге кымбаттайт.
Кыргыз өкмөтү жеңилдиктин мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок, ЕАЭБтеги өнөктөштөрү макул болгон жок.
2020-жылдын январь айынан тарта юридикалык жактардын автомобилди милдеттүү түрдө камсыздандыруу текшерилип баштайт. Камсыздандыруудан баш тарткандардын жоопкерчилиги каралат.
Ал эми камсыздандыруудан баш тарткан мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жоопкерчилигин кароо мөөнөтү 1 марттан тарта ишке кирет.
Эскерте кетсек, 2015-жылы транспортту милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзам долбоору кабыл алынган. Бирок, аны күчүнө киргизүү мөөнөтү 3 жылга жылдырылган. Мыйзам иш жүзүндө 2019-жылы ишке кирди, бирок, анда көрсөтүлгөн талаптан баш тарткандарды жоопко тартуу чаралары 2020-жылы ишке ашат.
2020-жылдын 1-июлунан тарта май куюучу жайларда автоматташтырылган эсеп киргизилет. Негизи бул жобо апрель айында ишке кириши керек эле бирок бизнес коомчулуктун суранычынан кийин өкмөт июлга жылдырды.
2020-жыл шайлоого бай болот.
12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Анын 25и айылдык кеңеш, беши (Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлы-Суу) шаар.
4-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо болот.
Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Испания, Италия жана Австрияга виза берүүдөн баш тартты. Элчиликтин билдирүүсүндө, Германияга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны өтө көп болгондуктан кызматкерлери жетишпей жатат. Андыктан, айрым өлкөлөргө виза берүүдөн баш тартты. Эми жогоруда аталган өлкөлөргө баруу үчүн кыргызстандыктар Нур-Султандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылышат.