24.kg
11:44, 30 декабря 2019, 24.kg

Үч айда унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 2 миңден ашуун айдоочуга айып салынды

Мамлекеттик салык кызматы үч айдын ичинде — сентябрдан-ноябрга чейин, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2 миң 397 унаа ээлерин административдик айыпка тартты. Анын ичинен 2 миң 125 адам салыкты жеринде (банктар, терминалдар, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, бул мезгилде 628,5 миллион сом суммасында жергиликтүү салыктар чогултулган. Анын 182,1 миллион сому транспорт салыгы, 171,6 миллион сом — кыймылсыз мүлк салыгы, 274,8 миллион сом жер салыгы, анын ичинен 34,2 миллион сом короо-жай участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы.

Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18