24.kg
12:18, 27 декабря 2019, 24.kg

ИИМ: Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө байланышкан 944 кылмыш катталды

2019-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө байланышкан 944 кылмыш жана 183 жорук катталган. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Айдар Шигаев билдирди.
 
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 18 тонна 319 килограмм 911 грамм баңгизаттар (апийм, героин, каннабис чайыры (гашиш), марихуана, каннабис, апий өсүмдүгү, прекурсорлор, эске таасир этичүү заттар) алынган.
 
«Баңгизаттар менен байланышкан кылмыштарын жана жоруктарын жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке 819 адам тартылган (эркектер — 806, аялдар — 13, жашы жете электер — 2, чет элдик жарандар — 16).
2019-жылдын башынан бери кылмыштуу топтор тарабынан жасалган баңгизаттар менен байланышкан 30 кылмыш аныкталып, бардыгы болуп жазык жоопкерчиликке 67 адам тартылган», — деди Айдар Шигаев.
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18