24.kg
11:42, 27 декабря 2019, 24.kg

БШКга «Ата Мекендин» курамынан чыгуу тууралуу арыз дагы 4 кишиден келип түштү

БШКга «Ата Мекен» партиясынын курамынан чыгуу тууралуу арыз дагы 4 кишиден келип түштү. Бул тууралуу комиссия билдирди. Алар 2015-жылы берилген тизме боюнча депутаттыкка талапкерлер. 

БШКнын маалыматына ылайык, кеп Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер тууралуу болууда.

Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясында күтүүсүз бурулуш болду. Алмамбет Шыкмаматов бүгүн мандатын тапшырып, партиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталгандан кийин, аталган партиянын лидери болуп турган.

Белгилей кетсек, Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев жана Рысбек Мирзаматов эгер Шыкмаматов кетсе, мандат ала турган талапкерлерден. Алардан кийин Ош облусунан Нургүл Бакирова турат. Анын артында Болот Шер. Ал мурда Жогорку Кеңеште депутат болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18