24.kg
11:19, 27 декабря 2019, 24.kg

Апрель революциясына 10 жыл. Республикалык драмалардын сынагы жарыяланат

Апрель революциясынын 10 жылдык юбилейине карата драмалардын сынагы жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты- апрель революциясына байланышкан замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, драмалык чыгармалар ар түркүн жанрда жазылып, болуп өткөн турмуш чындыгын, драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу зарыл.

Мындан сырткары чыгарма аркылуу бүгүнкү заманда жеке адамдын, үй-бүлөөнүн жана коомдук процесстерди көркөм чагылдырып көрсөтүү, кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын патриоттуулугун даңазалоо аркылуу, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү, театрлардын репертуарын байытууга көмөктөшүү, жаңы чыгармалар аркылуу көрүүчүлөрдү театрга тартуу жана драматургия жаатында жаңы ысымдардын пайда болушуна өбөлгө түзүү максатын көздөйт.

Сынакка пьесаларды кабыл алуу жарыялаган күндөн тартып, 2020-жылдын 15-февралына чейин жүргүзүлөт. Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалык чыгармалардын сынагына 315 миң (үч жүз он беш миң) сом акча каражаты каралган. Тандалып алынган пьесалардын санына жана сапатына жараша сыйлык катары бөлүнүп берилет.

Сурап-билүүчү телефондор жана электрондук почта:

e-mail: Iskusstvo _art@mail.ru

+996 (312) 661128, 62 34 97.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18