24.kg
09:33, 27 декабря 2019, 24.kg

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, «Ата Мекенден» чыкты

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Боршайкомдон билдиришти.

Депутат редакцияга бул маалыматты тастыктап, кетүү себебин айтып берди. Ал «Ата Мекен» партиясынын мүчөлүгүнөн чыга турганын дагы кошумчалады. Айтымында, мындай чечим кабыл алуу оңой болгон жок.

««Ата Мекен» күчтүү, туруктуу, партияга чын дили менен берилген кишилерден турат. Мен ар бир фанатын билем, алар чынчыл, арам ойлору жок кишилер. Мен социалисттердин катарында 15 жыл турдум, саясатчы катары «Ата Мекендин» желеги менен өстүм десем болот. Партиялаштарыма, анын лидери Өмүрбек Текебаевге сый менен мамиле кылам. Текебаев- тарыхый инсан, тажрыйбалуу депутат, төрт тарабы төп келген саясатчы, саясий комбинацияны түзүүчү уста. Ал саясий карама-каршылыктарда дасыккан оюнчу. Мен андан көп нерсе үйрөндүм, бул үчүн ыраазымын. Бирок менин бир катам бар, ал мен өзүмө өзүм кумир жаратып алгандыгым», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам, «Ата Мекенден» кетип, депутаттык мандатымды тапшырам деп үч уктасам да түшүмө кирбейт болчу.

Алмамбет Шыкмаматов

Депутат пикир келишпестик тууралуу болгон окуяны толук айтып берген жок.

Алмамбет Шыкмаматов партиядан гана чыкканын, бирок чоң саясатта кала турганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18