24.kg
15:44, 26 декабря 2019, 24.kg

2020-жылы Бишкек шаарында 10дон ашык сейил бак жана гүлбакчалар ачылат

2020-жылы Бишкек шаарында 10дон ашык сейил бак жана гүлбакчалар ачылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясынын адиси Бердикбек Кыштообаев билдирди.

Айтымында, учурда шаар ичинде абанын булганышына байланыштуу, бир катар иштер аткарылууда. Ал «Бишкек жашылдандыруу» ишканасы тарабынан бул жылы 10 миңден ашык көчөт отургузулуп, сейил бактар ачылганын кошумчалады.

«Келээрки жылы 10дон ашык сейил бак жана гүлбакча ачуу пландалууда», — деди ал.

Буга чейин отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева Бишкекте гүлдөрдү эмес, көп бак-дарак отургузуу керек деп айтып чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18