24.kg
14:22, 26 декабря 2019, 24.kg

Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина ИИМге суракка чакырылды

Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина кайрадан ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, депутаттар менен бирге мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Мээрбек Мискенбаев жана өзү да чакырылды.

Ирина Карамушкина менен Асел Кодунарова 7-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кишилерди барымтага алууга шектелип жатышат. Соттун чечими менен алар үй камагына чыгарылган. Ал эми Кундуз Жолдубаева менен Мээрбек Мискенбаев күбө катары өтүшүүдө.

Эске салсак, буга чейин Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүүгө чакыруу алышкан. 

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18