24.kg
14:06, 26 декабря 2019, 24.kg

Депутат паспорт алуучуга кайда жашаганын көрсөтпөй берүүнү сунуштады

Депутат Исхак Пирматов эмне үчүн каттоого алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү, анын ичинен каттоого туруу бөлүмүн алып салуу керектигин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, «Ички миграция тууралуу» Мыйзамда көрсөтүлгөн «жашаган жери» жана «турган жери» бири бирине өз ара өзгөчөлөнүп турат. «Жашаган жери дегенде кыргызстандык жарандын туруктуу же негизги жашаган жеринин дарегин түшүнөбүз. Ал эми турган жери -бул адамдын убактылуу жашаган жери», — деди Исхак Пирматов.

Ал калктын урбанизациясы жана ички миграциянын көзөмөлсүз калышы, көптөгөн жарандардын Бишкекте 5-10 жылдан бери каттоосуз жашашына алып келгенин белгиледи. «Эми алардын укуктук статусун белгилөө кыйынга турат. Иш жүзүндө жашоо деген түшүнүк жок да», — деди депутат.

Ал каттоого турууну санариптешкен кылымда эскирген түшүнүк деп эсептейт. Депутат паспортторду алуучуларга кайда жашаганын көрсөтпөй берүүнү сунуштады.

Эске салсак, буга чейин бул демилгени соцтармактын колдонуучулары сындап чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18