24.kg
11:48, 26 декабря 2019, 24.kg

31-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

31-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

«Борбордук «Ала-Тоо» аянтында кечки саат 20:00дөн баштап түнкү 23:30га чейин концерттик иш-чара өтөт. Мындан улам унаа кыймылына чектөө киргизилет», — деди Нур Сатыбалдиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18